Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Эрдоган: АКШ Түркия же Сирия күрттөрүн тандаш керек


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын расмий адамдарынын Сирия күрттөрү көзөмөлдөп турган шаарга барышын айыптады. 7-февралда жарыяланган түрк президентинин билдирүүсүндө, Кошмо Штаттар өнөктөш күтүүдө Түркияны же Күрт демократиялык биримдик партиясын тандаш керектигин билдирди.

- Биз силерге кантип ишенебиз? Силердин өнөктөш бизби же Кобанидеги террорчуларбы, - деди Эрдоган.

Түркия президентинин мындай билдирүүсү Кошмо Штаттардын жогорку даражалуу дипломаты Бретт МакГарк өткөн жумада Күрт демократиялык биримдик партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуусунан кийин чыкты. Бул партиянын аскерий канаты ДАИШке каршы күрөштө Кошмо Штаттар менен кызматташууда. Анкара болсо аларды Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышта деп эсептейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG