Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ооганстанда жоголгон дарыгерлердин сөөгү табылды


Кабулдагы тез жардам бейтапканасы.
Кабулдагы тез жардам бейтапканасы.

Ооган бийлигинин маалымдоосуна караганда, Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында балдарды полиомелитке каршы эмдеп жүргөн үч киши өлтүрүлгөн.

Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Абдул Гани Мусамимдин 7-февралдагы маалымдоосуна караганда, үч кишинин сөөгү 6-февралда Кунар провинциясынын Газиабад районунда табылды. Алар эки жума мурун жоголуп кеткен эле. Полиомелитке каршы эмдөөчүлөр Ооганстан жана Пакистанда такай кол салууларга туш болот.

Логар провинциясында 7-февралда жолго коюлган бомбанын жарылуусунан ооган полициясы каза тапты. Дагы бир жардыруудан жергиликтүү сот кызматкери жарадар болгону кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG