Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Ишенбековдун БШК чечимине каршы жазган арызы бүгүн сотто каралат


Урмат Ишенбеков.
Урмат Ишенбеков.

Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп, өткөн жумада мандатынан ажыраган Урмат Ишенбековдун ишин бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган Ишенбеков доо арызында фракциянын сунушунун негизинде депутаттык мандаттан ажыратылганы мыйзамсыз экенин айтууда. Сот отуруму саат экиге белгиленген.

БШК 3-февралдагы жыйынында Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Бир ай мурун “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеванын да мандаты алынган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG