Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Жалал-Абадда аткаминерлер жемкорлукка шектелүүдө


Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мекемелерде иштеген бир катар кызматкерлер жерлерди менчикке өткөрүүдө коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жемкорлук кылганы айтылгандардын арасында мэрияда, Архитектура башкармалыгында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында жана Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендер бар. Алардын мыйзамсыз аракетинен улам Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караган 1 гектар жер жеке менчикке өтүп кеткени айтылууда.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши ачылды.(SE)

XS
SM
MD
LG