Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Чек ара кызматы Максат айылындагы үйгө илинген кыргыз туусу тууралуу түшүндүрмө берди


Кыргыз чек арачылары илип кетти деген туунун сүрөтү.

Кыргыз чек арачылары илип кетти деген туунун сүрөтү.

Кыргыз-тажик чек арасында “тажик жарандарынын үйүнө кыргызстандык чек арачылар өз өлкөсүнүн желегин алып барып илип койгону” тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, желек сайылган үй кыргыз жаранына таандык. Окуя Лейлек районунун чек арага жакын Максат айылында болгон:

- Желек илинип турган үй кыргызстандык жаранга таандык. Бирок ал жерде тажикстандыктар ижарада турушат,- деп билдирди Гүлмира Бөрүбаева.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, желек илинген үй жайгашкан аймак 1958-59-жылдардагы карта боюнча Кыргызстанга таандык жана Мамлекеттик каттоого алынган.

6-февралда “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берген жергиликтүү тургундар Тажикстандын Бобожан Гофуров районунун Овчикалача айылындагы тажикстандыктардын үйлөрүнө кыргыз чек арачылары Кыргызстандын желегин орнотуп койгонун айтышкан. Согди облусунун чек ара бөлүгүнүн генерал-майору Мухаммад Жафаров муну "чагым" деп атап, кыргыз тарап менен маселени талкуулап жатышканын билдирген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG