Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Ооганстанда жанкечти жардыруусунан үч аскер набыт болду


Жанкечтинин чабуулунан Мазари-Шарифте жараксыз болгон аскер көлүгү. 8-август 2016-жыл.

Жанкечтинин чабуулунан Мазари-Шарифте жараксыз болгон аскер көлүгү. 8-август 2016-жыл.

Өлкө түндүгүндөгү Балх провинциясында аскердик автобуска жасалган чабуулдан кеминде үч аскер мерт болду. Провинция губернаторунун өкүлү Мунир Ахмад Фархаддын айтуусунда, жанкечти аскерлер түшкөн автобусту көздөй жөө басып келип, өзүн жардырып жиберген. Дехдади районунда бүгүн эртең менен болгон бул чабуулдан дагы 18 аскер жаракат алган.

Жардыруу үчүн "Талибан" жоопкерчилик аларын кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид айтып чыкты.

Соңку кезде талиптер өлкөнүн бардык аймагында ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуулдарды көбөйттү. Бүгүнкү жардыруу болгон Балх кошуна провинцияларга караганда коопсузураак аймак катары саналчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG