Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Меркел Анкарага келди


Анкарага расмий сапар менен келген Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу менен жолугушат. Евробиримдик бир жагынан Түркия сириялык качкындар үчүн чек арасын ачууга милдеттүү десе, экинчи жагынан Европага жол тарткан качкындарды токтотууга көмөк көрсөтүүнү талап кылып келатат.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен Алеппо шаарында жүргүзүп жаткан айыгышкан кармаштан качып, Түркиянын чек арасында корголоп тургандардын саны азыр 35 миңден ашты. Анкара бозгундарга жардам көрсөтөрүн билдиргени менен азырынча чек арасын ача элек. Гуманитардык уюмдар "кыйын жагдайга" кабылганын айтууда.

Сириядан Европаны көздөй жол тарткандардын көпчүлүгү Түркия аркылуу өтөт.

Брюссель буга чейин качкындарды Европага өткөрбөөгө көмөк көрсөтсө Түркияга үч миллиард евро жардам берүүнү убада кылган.

XS
SM
MD
LG