Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Иран ядролук келишимге катышкан тобун сыйлады


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф

Иран бийлиги былтыр дүйнөнүн ири державалары менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүгө катышкан тобунун мүчөлөрүнө сыйлык тапшырды. Иран президенти Хасан Роухани Тегерандагы бүгүнкү салтанатта тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифке "Өзгөчө эмгеги үчүн" медалын ыйгарды. Мамлекеттик атом энергиясы кызматынын башчысы Али Акбар Салехи менен коргоо министри Хосейн Дегханга "Эрдик" медалын тапшырды.

Мындан тышкары сүйлөшүүгө катышкан дагы 20 чакты бийлик өкүлү ар кандай сыйлыктар менен сыйланды.

Дүйнөнүн алты ири өлкөсү менен былтыр 14-июлда жетишилген келишимдин натыйжасында Иран быйыл жыл башында экономикалык санкциялардан кутулду. 16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Иран өзөктүк программасы боюнча алты держава менен былтыр жетишилген келишимдеги бардык шарттарды аткарганын жарыялаган соң Тегеранга каршы экономикалык санкциялар алынган эле.

XS
SM
MD
LG