Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Боснияда жоолук салынууну тыюуга каршы акция өттү


Мусулман аялдардын акциясы. 7-февраль, 2016-жыл

Мусулман аялдардын акциясы. 7-февраль, 2016-жыл

Өлкө баш калаасы Сараеводо эки миңдй адам соттук мекемелерде хижаб же жоолукчан жүрүүгө тыюу салууга каршы нааразылык билдирип чыкты. Негизинен аялдардан турган бул акциянын катышуучулары 7-февралда шаардын борбордук бөлүгүндө бир сааттай турду. Алардын айрымдары "Хижаб - бул менин укугум" деген сөздөр жазылган кагаздарды кармап алышкан.

Акцияны уюштургандардын бири Самира Зунич Велагич бул тыюу салууну "мусулман аялдардын эмгек укугун бузуу менен мусулмандардын намысына жана эркиндигине каршы олуттуу сокку" деп баалады.

Бул нааразылык Босниянын соттор боюнча жогорку кеңеши соттук мекемелерде "диний белгилерге" тыюу салган соң чыгып отурат. Ал судьяларга жана соттук мекемелерде иштеген башка кызматкерлерге хижабчан жүрүүгө, же кулагын, чачын, мойнун жапкан жоолук салынып жүрүүгө тыюу салат.

Бул чечим калкынын 40 процентке жакынын мусулмандар түзгөн бул өлкөдөгү мусулман саясий жана диний лидерлеринин да сынына кабылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG