Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Путин менен Назарбаев Москва-Анкара алакасын сүйлөштү


Орусия жана Казакстандын президенттери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина чыгышындагы кырдаалды жана начарлап кеткен орус-түрк алакаларын талкуулашты. Казак президентинин маалымат кызматы Путин Москва менен Анкаранын мамилеси начарлашында "татаалдыктар түрк тараптан түзүлгөнүн" айтып, эми алаканы жөнгө салуу үчүн Түркия кадам ташташы керектигин билдиргенин кабарлады. Казак тараптын демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүү түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу Астанага расмий сапар менен келип кеткенден эки күндөн кийин болуп отурат.

Москва менен Анкаранын алакасы түрк аба күчтөрү Түркия-Сирия чек арасында Орусиянын аскерий учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан соң кескин начарлап кеткен. Бул үчүн тараптар ушул күнгө чейин бири-бирин айыптап келет. Казакстан бул эки өлкө менен тең шериктеш жана тыгыз кызматташат.

XS
SM
MD
LG