Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

HRW Орусияны Сирияда кассеталык бомба колдонгону үчүн айыптады


Кассеталык бомбалар

Кассеталык бомбалар

Сирия-Орусия күчтөрүнүн биргелешкен операциясында эл аралык мыйзамдар тыюу салган кассеталык бомбалар колдонулганы Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бүгүн жарыялаган баяндамада айтылат. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, мындай курал 26-январда Сириянын беш аймагында жок эле дегенде 14 аскерий операция учурунда колдонулган. Баяндамада кассеталык бомбалар Алеппо, Дамаск, Идлиб, Хомс жана Хама провинцияларындагы стратегиялык райондордо көзөмөлдү кайтаруу үчүн жүргөн урушта пайдаланылганы айтылат. Бул чабуулдардан кеминде 37 жайкын тургун ажал тапкан, алардын арасында алты аял жана тогуз бала бар. Дагы ондогон кишилер жаракат алган.

Баяндама күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана дарыгерлер менен журналисттер сунуштаган документтердин негизинде даярдалган. Докладдын авторлору Орусияны Сирия аймагында кассеталык бомбаларды колдонууну токтотууга да чакырган.

Орусия мындай айыптоону четке кагып, Сириядагы аба соккулары учурунда кассеталык бомбалар колдонулбаганын айтып чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG