Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

“Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти өткөрүлүп берилди


Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргыз-тажик чек арасы.

Бул тууралуу дүйшөмбү күнү кечинде Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Тажик журналисти Масум Имамов 8-февралда кыргыз-тажик чек арасынан өтүү эрежесин бузган деп Кыргызстандын Чек ара кызматынын Лейлек райондук бөлүмү тарабынан кармалган.

Бөрүбаеванын айтуусунда, тажик журналист чек арадан тийиштүү жерден өтпөй административдик тартипти бузган. Ошондуктан Чек ара кызматы тарабынан тийиштүү протокол түзүлүп, андан кийин бошотулду. Журналист Масум Имамов кыргыз-тажик чек арасына журналисттик ишине байланыштуу барган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG