Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Ооганстандагы теракттын жоопкерчилигин талиптер өзүнө алышты


Жардыруудан кийин 8-февраль, 2016-жыл.

Жардыруудан кийин 8-февраль, 2016-жыл.

Окуя 8-февралда Ооганстандын Балх провинциясында болду. Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Мунир Ахмад Фархаддын маалымдоосуна караганда, дүйшөмбү күнү эрте менен Дахдади районунда жанкечти аскерлер түшкөн автобустун жанында бомба жардырган. Андан үч аскер өлүп, 18 жарадар болгон.

Талиптердин маалымат катчысы Забиулах Мужахид бул окуяга алардын тиешеси бардыгын билдирди. Талиптер акыркы кезде ооган аскерлерине каршы чабуулду күчөтүштү. Бирок Балх провинциясы салыштырмалуу коопсуз регион деп эсептелчү. Чыгыштагы Нангархар провинциясында президент сарайынын күзөтчүсүн атып кетишти. Жергиликтүү бийликтер күзөтчүнүн үйүнө чабуул жасалып, анын учурунда каза болгондун энеси да жарадар болгонун кабарлашты. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG