Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Германия канцлери Орусиянын Сириядагы бомбалоосу “үрөй учурарын” айтты


8-февралда Анкарада иш сапарда болгон канцлер Ангела Меркель Орусиянын Сириядагы бомбалоосу “үрөй учуруп, анын айынан он миңдеген адамдар жабыркап" жатканын белгиледи:

-Соңку күндөрдөгү бомбалоолор, анын ичинде Орусиянын бомбалоосунан адамдар туш болгон азап-тозоктор үрөйүбүздү учуруп, айлабызды кетирип турат. Мындай шартта тынчтык сүйлөшүүсү жүрүшү арсар. Ошондуктан бомбалоо токтотулуш керек.

Канцлер Меркель Германия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун жарандарды бомбалоого тыюу салган декабрь чечимин аткарылышын талап кыларын билдирди. Орусия өткөн жылы сентябрь айында Сирияда аскерий өнөктүк баштагандан бери батыш өлкөлөрү Москва "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топко караганда Сирия оппозициясын көбүрөөк бомбалоодо, андан жүздөгөн катардагы жарандар да өлдү деп айыптап келатат.

Кремль өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагып, террорчу топторду гана бомбалап жатканын билдирүүдө. Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давудоглу Меркель менен жолугушууда чек арада турган 30 миң сириялык качкынга зарылдык болсо Түркияга өтүүгө уруксат берилерин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG