Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы Ысык-Көл облусунда милиционерлердин жемкорлук аракеттерин аныктады. УКМКдан кабарлашкандай, быйыл январь айында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген үч кызматкер жергиликтүү тургунду кылмышка күнөөлөп, 50 миң сом пара талап кылышкан. Бирок анын акчасы жок болгондуктан, топозун сойдуруп, этин алып кетишкен.

Бул боюнча УКМК топтогон материалдардын негизинде Ак-Суу райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG