Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Берлинде кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү ачылды


Берлиндеги көргөзмө.
Берлиндеги көргөзмө.

Германия баш калаасындагы Kungerkiez-Nachbarschaftsgalerie имаратында кыргызстандык жаш сүрөтчү Айбек Ишенбековдун жеке көргөзмөсү ачылды. Иш-чараны Германиядагы кыргыз жаштарынын өкүлү Нурлан Мукаш уюштурган.

Маалыматка караганда, февралдын соңуна чейин улана турган көргөзмөгө Ишенбековдун Кыргызстандын табияты, маданияты жана тиричилигине арналган 40тан ашуун картиналары коюлган.

Мурдараак жаш сүрөтчүнүн бул көргөзмөсү Гамбург жана Дубай шаарларында өткөн.

XS
SM
MD
LG