Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Кубанычбек Кулматов кызматтан кетти


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өз арызы менен кызматтан кеткенин "Азаттыкка" тастыктады жана жакында маалымат жыйын өткөрөрүн билдирди. Азырынча президент Алмазбек Атамбаевдин Кулматов боюнча жардыгы расмий жарыялана элек.

Алмазбек Атамбаев былтыр 24-декабрда жылды аяктаган маалымат жыйынында, мэрдин ишинин жыйынтыгы январь айында караларын билдирген. Ал Кулматовдун шаарды таштандылардан арылтуу боюнча чечимин гениалдуу деп атаган. Андан мурдараак Атамбаев Кулматовду таштанды маселеси боюнча кескин сынга алган жана жыл этегине чейин мөөнөт чектеген.

Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэри болуп 2014-жылдын башында шайланган эле. Ага чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Бажы кызматынын башчысы болуп иштеген. (EBM)

XS
SM
MD
LG