Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Нью-Гемпширде бүгүн ички партиялык шайлоо өтөт


Президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.

Президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.

АКШнын Нью-Гемпшир штатынын шайлоочулары бүгүн демократиялык жана республикачыл партиялардын атынан президенттикке ат салыша турган талапкер үчүн добуш беришмекчи.

Республикалык партияда фаворит катары бизнессмен Доналд Трамп жана сенатор Тед Круз аталууда. Аларга атаандаш болуп дагы бир нече партиялаштары чыгууда.

Демократтар арасында негизги кандидаттар – мурдагы Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана «демократиялык социализмдин» көп жылдардан берки жактоочсу сенатор Берни Сандерс.

Ички партиялык жарыш (праймериз) өткөн аптада Айова штатында старт алып, Круз жана Клинтон озуп чыгышкан.

Алдыдагы бир нече айда АКШнын ар бир штаты өз делегаттарын тандайт, алар өз кезегинде июлда партиялардын курултайларында жактырылууга тийиш. Курултай көргөзгөн эки талапкер ноябрда президенттик орун үчүн ат салышмакчы.

Нью-Гемпшир штатынын калкы анча көп болбогону менен, ал жактагы добуш берүү кандидаттарга колдоонун көрсөткүчү катары каралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG