Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Сауд Арабия Сирияга жөө аскерлерин киргизиши мүмкүн


Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейир Сирияга атайын күчтөр жеберилиши мүмкүн деп билдирди. Атап айтканда, Эр Рияд АКШ баштаган коалициянын курамында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы согуша турган жөө аскерлерин же атайын контингентти жөнөтүүнү караштырууда.

Ал-Жубейир мындай билдирүүнү АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Вашингтондо жолугушкандан кийин жасады.

Сүйлөшүүлөрдө Сирия жана Йемендеги абал талкууланды.

4 ай мурун Сирияга абадан чабуул жасоону баштаган Орусиянын колдоосу менен президент Башар Асаддын аскерлери козголоңчулардан улам бир айыл-кыштактарды кайтарып алууда.

АКШ президенти Барак Обама Сирияга жөө аскерлерди киргизүүгө каршы болуп келди, бирок өткөн жылы атайын операцияларды жүргүзүү үчүн 50 жоокер жайгаштыруу чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG