Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Ирак аскерлери Рамади шаарынын жанындагы районду кайтарып алды


Рамади шаарын бошотуу, 8-февраль, 2016-жыл.
Рамади шаарын бошотуу, 8-февраль, 2016-жыл.

Ирак аскерлери чыгыштагы Рамади шаарынын айланасындагы районду жихадчылардан кайтарганын билдирди.

Маалыматка караганда, куралдуу күчтөр, полиция жана терроризмге каршы атайын бөлүктөр Рамадини Хаббаниядагы база жана борбор шаар Багдад менен байланыштырган жолду согушкерлерден бошотушту. Ал базада АКШ баштаган коалициянын аскерлери жайгашкан.

Декабрда Ирак аскерлери Анбар чөлкөмүнүн баш калаасы Рамадини өз көзөмөлүнө алышканы менен шаардын чыгыш конуштарындагы салгылашуулар дээрлик токтобой келатат.

Эми өкмөттүк күчтөр “Ислам мамлекети” радикал уюмунун таянычы - Фаллужага жакындоо мүмкүнчүлүгүн алышты.

Ал эми өлкө түндүгүндөгү базага, Ирак расмий адамдарынын өкүлдөрү билдиришкендей, Мосул шаарын жихадчылардан кайтаруу үчүн миңдеген аскерлер жайгаштырылууда.

XS
SM
MD
LG