Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Дамасктагы теракттан сегиз киши мүрт кетти


Сириянын бийликтери борбор шаар Дамаскта полициянын Офицерлер үйүндө жанкечтинин жардыруусунан бир нече киши набыт кеткенин маалымдашты. Ички иштер министрлиги кол салуу шейшембиде бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан Масакен Барзех чөлкөмүндө болгонун билдирди.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган лондондук уюм ырастагандай, машине токтотуучу жайда дүрмөттөлгөн машина жарылганда 8 полициячы мерт болуп, 20 чактысы жараланды.

“Ислам мамлекети” радикал тобу терактты алардын согушкери ишке ашырганын айтууда. Өткөн айда жихадчылар Дамасктын жака белиндеги ыйык жайда бир нече бомба жарыдырып, 70тен көп кишинин өмүрү кыйылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG