Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү соттолууда


Тажикстандын Жогорку Сотунда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсүнүн үстүнөн соттук угуулар башталды. Сот жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат. Күнөөлөнүп жаткандардын арасында партиянын жетекчилигинин юридикалык кеңешчиси болуп келген Зарафо Рахмони айым да бар. Партия мүчөлөрүнө коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзода менен бирге бийликти курал менен басып алуу кутумуна катышкан деген айып тагылууда. Бийликтин ырастоосунда, Назарзода өткөн сентябрда милициянын бөлүмүнө кол салууну жетектеген. Ал окуяларда 26 киши мерт кеткен. Генерал кийин күч түзүмдөрүнүн операциясынын натыйжасында өлтүрүлгөнү айтылып келатат.

Жогорку Сот Ислам кайра жаралуу партиясын "экстремисттик жана террордук" уюмдардын катарына кошуп, ага тыюу салган.

Учурда чет өлкөдө сүргүндө жашап жаткан партиянын лидери Мухиддин Кабири айыптоолорду четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG