Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазовдун апелляциялык арызы каралат. Нарымбаев жана Коркмазов Нариман Түлеевдин кызынан пара алган деп айыпталган. Биринчи Май райондук соту Нарымбаевди үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен үч жылга эркинен ажыратуу, ал эми Коркмазовду да үй-мүлкүн конфискациялоо менен 1,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Нарымбаев жана Коркмазов актоо өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эми прокуратура жазаны күчөтүүнү талап кылууда.
Бишкек шаардык сотунда ошондой эле Акматбек Келдибековдун апелляциялык арызын кароо да бүгүн уланат. Биринчи инстанциядагы сот Келдибековду коррупция боюнча актап, бирок Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу иши боюнча 3 млн. сом айып пулга жыккан. Келдибеков жана анын адвокаттары аны толук актоо өтүнүчүн келтирген. (AiT)