Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Орусияда оппозициялык саясатчыны торт менен урушту


Рамзан Кадыров жайгаштырган видео.
Рамзан Кадыров жайгаштырган видео.

Михаил Касьянов белгисиз адамдардан кордук көргөнүн билдирди. Анын айтуусунда, 9-февралда Москвада ресторанда отурган жеринде славян эмес түспөлдөгү адамдар сөгүнүп-сагынып келип, анын үстүнө торт ыргытышкан. Ресторандын күзөт кызматы арачага түшүп, кол салгандар төрт автоунаа менен качып кетишкен.

Мурунку өкмөт башчы, азыркы кездеги оппозициялык саясатчы Касьянов бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп, полицияга арыз жазды. Касьяновдун Парнас партиясынан билдиришкендей, кол салгандар Чечен Республикасынын тургундары болушу мүмкүн. Чечен лидери Рамзан Кадыров Инстаграмга Касьяновго каршы мээленген сүрөт жайгаштырган. Оппозициялык саясатчы муну өмүрүнө коркунуч катары баалап, кылмыш ишин козгоону талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG