Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Бишкекте мыйзамсыз курулушка каршы тургундардын пикети өтөт


Бишкек
Бишкек

Бишкекте короосуна мыйзамсыз там салына баштаган тургундар нааразылык акциясына чыгат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №42 турак үйдүн жашоочулары кабарлашты. Пикет бүгүн жаңы салына баштаган курулуштун жанында өтөт.

Аталган кабат үйдүн тургундарынын айтымында, мыйзам боюнча короодогу жер тилке аларга таандык, бирок учурда казылып, ал жерге "Алеф" тиш дарылоо клиникасы жаңы имарат салганы жатат.

- Бул бактарды ушул №42 үй курулгандан баштап жашап келген тургундар өз колу менен отургузуп, аз да болсо экологиянын таза турушуна салым кошуп жаткан. Эми минтип тилеке каршы бактарыбыз кыйылып, чаң көтөрүлүп, үйүбүздү боз каптай баштады. Төмөнкү кабаттагыларга таптакыр күн тийбей калышы ыктымал болууда, - дейт Зина Төлөнова.

Нааразы тургундардын белгилешинче, "Алефтин" ээси Александр Койфман анын клиникасына жогорку мамлекеттик кызматтагы айрым аткаминерлер келип тишин дарылатып кетип жатканына таянууда. Алар жаңы курулуштун мыйзамдуулугуна баа берүү өтүнүчү менен тиешелүү мекемелерге кайрылганын, бирок эч майнап чыкпаганынан бүгүнкү акцияны уюштурууга мажбур болуп жатканын белгилөөдө.

"Алеф" борбору азырынча окуя боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG