Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Парламентте жаңы депутат Субанбеков ант берди


"Бир бол" партиясынын мүчөлөрү.
"Бир бол" партиясынын мүчөлөрү.

Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясына жаңы депутат болуп кошулган Бакирдин Субанбеков бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ант берди. Ал депутаттык мандатын өткөн жумада тапшырган Бакыт Есенбаеванын ордуна келди.

9-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Субанбековго депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырган.

Буга чейин Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары, “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Бакыт Есенбаева 4-февралда өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG