Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Москвада өрт кырсыгында өлгөндөрдү алып келүүгө акча бөлүндү


30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон.

30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон.

Кыргыз өкмөтү өткөн айда Москвада өрт кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн 700 миң сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн өкмөттөгү жумушчу жыйында билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча кырсыкта көз жумгандардын сөөгүн идентификациялоо иштери аяктады.

Каза тапкандар Москвадан Ошко алып келинип, андан ары өздөрүнүн кичи мекени Баткенге жөнөтүлөт.

30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон. Алардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган этникалык кыргыздар. Дагы экөө өзбек жарандары.

Москванын тергөө комитети өрт боюнча мүлктү атайлап жок кылуу деген негизде кылмыш иш ачкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG