Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Ысык-Көл облусундагы дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу үчүн дагы 137 адис керек. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык тармактар боюнча орун басары Рита Борбукеева билдирди. Учурда облуста 693 дарыгер жана 2090 орто медициналык кызматкер бар.

Түп району 28, Ак-Суу району 22, Жети-Өгүз району 21 дарыгерге муктаж болуп, ак халатчандар жетишпеген аймактардын көч башында.

Буга чейин Медициналык академияны бүтүрүп иштөөгө бөлүнгөн 30 дарыгерлердин көбү ал жакка баруудан баш тартышкан. (AsM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG