Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы прокуратура кызматкеринин үстүнөн даттанды


Чүйдөгү Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Салтанат Жумашева мурдагы депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча Башкы прокуратуранын тергөөчүсү ага басым көрсөтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Октябрь райондук сотунда айтып, маселенин укуктук жагын көтөрдү.

Жумашева Карганбек Самаков жерлерди мыйзамсыз ээлеп алганы боюнча ачылган кылмыш ишине күбө катары сотко чакырылган.

- Тергөөчү мени бир канча жолу суракка чакырып, 2004-2010-жылдар аралыгында айыл өкмөттү башкарып турган учурдагы окуяларды териштирди. Жообума каныкпай, улам оройлук менен кайра-кайра суракка алып жатат,- деди Жумашева.

Прокуратура анын айткандары боюнча комментарий бере элек. Жумашева жерлерди менчикке өткөрүү боюнча жергиликтүү кеңештин чечимине гана макулдук бергенин айтууда.

Мурдагы депутат Карганбек Самаков Чүй облусунда бир канча гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алган деп кылмыш иши козголгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG