Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

"Алай" клубу АФК-2016 кубогундагы оюндардан чыкты


"Алай" клубунун оюнчулары
"Алай" клубунун оюнчулары

Оштун "Алай" футболдук клубу Азиянын футбол конфедерациясынын 2016-жылдагы кубогунун тайпалык мелдештерине катышпай калды. Квалификациялык раундда Кыргызстандын учурдагы чемпиону 9-февралда Ливан өлкөсүнүн борборунда "Триполи" клубу менен беттеште утулуп калды. Оюнга берилген негизги убакыт 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Он беш мүнөттөн кошумча эки тайм берилип эсеп ачылбай, жеңүүчүнү аныктоо үчүн пенальти дайындалды. Пенальти тебүүдө ливандык оюнчулар (7:6 эсебинде) алдыга чыгып АФК-2016 кубогунун тайпалык тандоо мелдешине жолдомо алышты.

"Алай" клубунун курамында Алиа Силла, Турсунали Рустамов, Ильяз Алимов, Шухрат Рахманов, Нурбек Жолдошев жана Аброр Кыдыралиев атаандаш дарбазасына гол киргизишти. Жетинчи болуп Муролим Ахмедов тепкен топту "Триполи" дарбазачысы тосууга үлгүрдү.

Ошентип Кыргызстандын учурдагы чемпиону "Алай" клубу утулуу менен АФК-2016 кубогундагы мелдештерин жыйынтыктады. (ECh)

XS
SM
MD
LG