Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

ЕАЭБге азык-түлүк сатуу үчүн бирдиктүү реестр түзүлдү


Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө азык-түлүк сатуу боюнча Кыргызстанда 15 ишкана бирдиктүү реестрге киргизилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирип, тийиштүү чечим 9-февралда кабыл алынганын айтты:

- Эми биздин ишкерлер иштеп чыгарган азык-түлүктөрдү ЕАЭБ чөлкөмүнө эч кандай тоскоолдуктарсыз сата алат. Бирок сапатка талап катуу болгондуктан, азыктардын тазалыгына көңүл буруу зарыл.

Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө. Буга чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн айрым азыктар тийиштүү талаптарга жооп бербей турганы айтылып, ишкерлер товарларын сатууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG