Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Аксыдагы тынчтык митинги аяктады


Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында бүгүн жашоочулар тынчтык митингин өткөрүп, анда коюлган беш талапты аткарууга өкмөткө он күн убакыт беришти. Жергиликтүү тургундар социалдык фондго төлөмдөрдү жеңилдетүүнү, электр энергиясына тарифтерди арзандатууну, мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгарууну, чек ара маселелерин чечүүнү жана балдарга жөлөкпул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүүнү талап кылышууда.

Чогулгандар менен Аксынын акими Медер Айдаралиев, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев жолугуп, талаптарын укту.

Акимдин айтымында, акцияга жүз жакты адам келди. Уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулу 300 чамалуу эл чогулганын айтып, бирок митингге келген чоңдордун убадаларына адамдар канааттанбаганын “Азаттыкка” билдирди.

- Эгер элдин талаптары аткарылбаса, тынчтык акциясы он күндөн кийин Аксы районунун борбору Кербен шаарында уланат,- деди Шекербек Камчыбек уулу.​

Райондун айрым тургундары өткөн аптада жогорудагы талаптарын бийликке жолдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG