Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Тажикстанда Конституциялык референдум 22-майда өтөт


Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Депшаар айылындагы Дилбаркан Исаеванын короосу.

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Депшаар айылындагы Дилбаркан Исаеванын короосу.

Тажикстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча элдик референдум 22-майга белгиленди. Сунуш кылынган алымча-кошумчалар мамлекет башчы Эмомали Рахмонго президенттик шайлоого чектөөсүз катышууга мүмкүндүк бермекчи.

Конституциялык сот Баш мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөр мыйзамдуу деген бүтүм чыгаргандан кийин парламенттин төмөнкү палатасы бүгүн добуш берүүнүн датасын бекитти.

Мыйзам чыгаруучулар ошондой эле президенттикке талапкерлердин жашын 35тен 30га ылдыйлатууну жактырып, эми Рахмондун чоң уулу Рустам Эмомалиге 2020-жылдагы шайлоодо ат салышууга шарт түзүлдү.

Дагы бир жобо өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Рахмонго “улут көсөмү” деген наамды, ага жана жакындарына өмүрүнүн аягына чейин кол тийбестикти ыйгарат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG