Москва АКШга Түштүк Кореяга ракетадан коргонуу боюнча заманбап система орнотсо, бул чөлкөмдөгү «жарыша куралданууга» алып келет жана «Корей жарым аралындагы ядролук проблеманы чечүүнү татаалдаштырат», деп эскертти.
10-февралда Орусиянын тышкы иштер министрлиги Вашингтон Пхеньяндын атомдук жана ракета сыноолоруна шылтоолоп, абадан коргонуу системаларын жайылтууну көздөп жатканын сынга алды.
Кытай да ал системаны орнотуу аймактагы стабилдүүлүккө көлөкө түшүрөрүн эскерткен.
7-февралда Түндүк Корея космоско узун аралыкка жетчү ракетасын учургандан кийин Сеулдун жана Вашингтондун коргоо тармагынын расмий адамдары Түштүк Кореяга заманбап системаны жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр башталарын билдиришкен.