Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Парламент Баткенди эркин экономикалык аймак деп таануу мыйзамын колдоду


Баткен жергеси.

Баткен жергеси.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар Баткен облусун эркин экономикалык аймак деп таануу боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Аны парламенттин 5-чакырылышандагы депутаттар тобу иштеп чыккан. Эгер мыйзамга мамлекет башчы кол койсо, анда Баткен облусуна четтен инвестиция тартууга жол ачылат. Андан сырткары, аймакта өндүрүлгөн азыктарды жана товарларды сыртка сатууда чет элдик ишкерлер менен түз келишим түзүүгө жол ачылат, облустук биртоп көйгөйлөр азаят.

Буга чейин парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитети мыйзамды чийки деп, артка чакырууну сунуштаган. Бирок комитеттин сунушу жалпы депутаттардын колдоосуна ээ болбоду. Жыйынга катышкан 109 депутаттын 101и макулдугун билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG