Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Болгария Ирина Бокованы БУУнун баш катчылыгына көргөздү


ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова.
ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова.

Болгария ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокованы Улуттар уюмунун баш катчылыгына көргөздү.

Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги кечээ билдирди. Азыркы баш катчы Пан Ги Мундун кызматтагы мөөнөтү ушул жылдын этегинде соңуна чыгат. Белгилей кетсек, уюм пайда болгон 1946-жылдан бери аны 8 эркек киши жетектеп келди.

"Бокованын тажрыйбасын жана баскан жолун эске алганда ал баш катчылыкка маанилүү талапкер болушу ыктымал", - деп белгиленет Болгариянын тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө.

Мындан бир күн мурда София Европа комиссиясынын вице-президенти Кристалина Георгиева БУУнун баш катчылыгына ат салышпай турганын жарыялаган.

Бир нече чет тилде эркин сүйлөгөн Бокова ЮНЕСКОну 2009-жылдан бери жетектеп келатат. Ага чейин Болгариянын тышкы иштер министри жана Франциядагы, Монакодогу элчиси болуп иштеген.

Өткөн жумада Словения мурдагы президенти Данило Туркту баш катчылыкка көргөздү. Македония. Хорватия жана Монтенегро да өз талапкерлерин сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG