Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Кремль Касьяновго кол салууну айыптады


Орусиядагы оппозициялык саясатчы Михаил Касьянов.
Орусиядагы оппозициялык саясатчы Михаил Касьянов.

Кремль оппозициялык саясатчы Михаил Касьяновго кол салууну айыптап, бирок аны Чеченстандын жетекчилигине байланыштырууга жүйөө жок деп билдирди.

Москва шаарынын полициясы окуя саясатчынын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирбегенин билдирип, кылмыш ишин козгогон жок.

Тергөө административдик мыйзамдын алкагында жүргүзүлмөкчү. Касьянов жетектеген ПАРНАС коалициясынын маалыматына караганда, шейшембиде Москванын ресторандарынын биринде Касьяновго эки киши жакындап барып, бетине торт ыргытып, коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтышкан.

Жакында Касьянов жана «Ачык Орусия» кыймылынын координатору Владимир Кара-Мурза Федералдык коопсуздук кызматына арыз берип, Чечен президенти Рамзан Кадыровду Инстаграмдагы видео үчүн сот жообуна тартууну талап кылган. Тасмада оппозициячылар көзгө атар мылтыктын оптикалык бутасына алынган. Саясатчылар муну аларды өлтүрүүгө «түздөн түз шыкактоо катары» баалашууда. Январда Кадыров оппозиция өкүлдөрүн "чыккынчылар" деп атап, Грозныйдагы митингде андай акаарат сөздөрдү плакаттарга жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG