Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

Украинанын атынан быйыл эл аралык Eurovision сынагына катышууга жолдомо алышы ыктымал деп айтылган Жамала крым-татарлары тууралуу ыр даярдады. 32 жаштагы ырчы азыр алдынкы талапкерлердин бири болууда.

Жамала советтик диктатор Иосиф Сталиндин буйругу менен ата-бабаларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлүшү тууралуу ырдамакчы.

Ал улуттук тандоо учурунда “1944” деп аталган чыгармасы менен биринчи жарым финалдан өтүп, калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду. SMS добуш берүүдө да көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Бирок добуш берүүгө 2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крымда жашаган татарлардын басымдуу бөлүгү катышкан жок.

Мазмуну англисче, кайырмасы крым-татарлардын тилинде жазылган ырда 1944-жылдын майында 250 миңге жакын татарлардын мажбурлап жер которгону баяндалат.

Жамаланын чыныгы ысымы — Сусана Жамаладинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Кыргызстанга анын чоң аталары көчүп келүүгө аргасыз болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG