Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

Москвадагы күркөлөрдү сүрдүрүүдөн 2 миңдей киши ишсиз калды


Москвада жүздөгөн күркөлөр сүрдүрүлүүдө.

Москвада жүздөгөн күркөлөр сүрдүрүлүүдө.

Москвада метро станцияларынын жанындагы ири күркөлөрдү алдыруудан 2 миңдей киши жумушсуз калды. Бул тууралуу орус баш калаасынын соода жана тейлөө департаментинин башчысы Алексей Немерюк «Москва сүйлөйт» радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, бийлик сүрдүрүлө турган обектилердин тизмесин көбөйтүшү мүмкүн.

9-февралга караган түнү Москвада станциялардын жанындагы 100дөн ашуун күркөлөр алынган. Мэрия уруксатсыз салынган соода түйүндөрү шаар тургундарынын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат, деген жүйөөсүн келтирген.

Мэр Сергей Собянин 1990-жылдары ошол кездеги аткаминерлер көз жумду мамиле кылып же күркөлөрдү салууга түздөн түз көмөктөшкөн деп билдирди. Шаар башчынын мындай аракетин жактырбагандар күркөлөрдүн ээлери бардык керектүү уруксат кагаздарды алышканын ырастап, муну чакан бизнести муунтуу деп эсептешет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG