Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

НАТО министрлери Чыгыш Европаны жаңы күчтөр менен бекемдөөнү чечти


НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брюссель жыйыны. 10-февраль, 2016.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Брюссель жыйыны. 10-февраль, 2016.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жаңы планды жактырышты. Брюсселде башталган эки күндүк сүйлөшүүлөрдө НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Польша жана башка союздаш мамлекеттерде көп улуттуу НАТО күчтөрүнүн жайгашуусу Орусияга “ачык белги берерин” ырастады:

-Мен биздин коргоо министрлер чыгышта НАТО күчтөрүн бекемдөөгө макул болот деймин. Бул бирөөнө жасалган чабуул баарына жасалган чабуул катары саналып, жооп жалпы союздаштардан болорун көрсөтөт,- деп айтты Столтенберг.

НАТОнун көп улуттардан турган күчтөрү кайсы бир өлкөдө туруктуу жайгашпай, Чыгыш Европа мамлекеттеринде алмашып турат. Ал жерлерде жаңы инфраструктура жана жабдуулар коюлат. НАТОнун мындай планы Украина кризиси жана Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна жооп иретинде пайда болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG