Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Кыргызстанда эки ирет жер силкинди


2015-жылы ноябрда жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Чайчы айылы.
2015-жылы ноябрда жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Чайчы айылы.

Сейсмология институнун маалыматына караганда, 10-февралда кечки саат 18:43тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу Бишкек шаарынан 55 чакырым түштүк-чыгышында, Токмок шаарынын 30 чакырым түштүк-батышта, Кара-Булак айылынан 18 чакырым түштүк-чыгышында катталды. Жердин силкинүүсү Арпа-Тектир айылында 3, Карагай-Булакта 2,5, Тоолуу-Маевка жана Дөң-Арык, Совет айылдарында 2 балл болду.

Экинчи жер титирөө 11-февралда таңга маал, 5:52де Жалал-Абадда катталып, анын күчү очогунда 4 баллга жеткен. Жалал-Абад шаарында, Чеке-Дөбө, Таш-Булак айылында 4 балл, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон, Өзгөндө 3, Кочкор-Ата, Отуз-Адырда 2,5 балл сезилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG