Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Бир түндө эки аял күйөөсүнөн катуу токмок жеген


Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Тез жардам кызматынын маалыматына караганда, 11-февралга караган түнү көкүрөк клеткасына бычак жеген “Келечек” жаңы конушунун 40 жаштагы тургуну кайрылган.

Маалыматка караганда, аны ачууланган күйөөсү жарадар кылган. Жараат алган аялга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Тез жардам кызматынын бөлүм башчысы Егор Борисовдун “Азаттыкка” айтымында, анын абалы оор деп бааланды. Ушул эле түнү Тез жардам кызматына күйөөсү катуу сабаган Аламүдүн-1 кичирайонунда жашаган 25 жаштагы келин кайрылган. Анын баш мээси чайкалып, үч кабыргасы, мурду сынган. Көкүрөк клеткасы жабыркаган. Оор абалда кайрылган келин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилди.

2015-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал начарлаганы эл аралык Human Rights Watch уюмунун жаңы жарыялаган баяндамасында айтылат. Анда үй-бүлөдө аялдарга, кыздарга жасалган зомбулук азайбай, жардам алуу жана сот акыйкаттыгына жетүү үчүн тоскоолдуктар жоюлбаганы, сексуалдык азчылыктарга карата дискриминация уланып келатканы белгиленген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG