Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Мамлекеттик кызматкерлерди ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу ишиндеги ачык-айкындуулукка жетүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдында Коомдук байкоо кеӊешин түзүү зарыл. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Наталья Никитенко айтып чыкты.

"Ипотекалык турак жайга ээ болуу шарты баарына эле мүмкүнчүлүк бере бербейт. Мисалы, мугалимдердин каржылык абалы кыйын. Ошентсе да, ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, анын башка максатта пайдаланылышына жол бербөө үчүн Коомдук байкоо кеӊеши түзүлсө туура болмок",- деди Никитенко.

Буга чейин Кыргызстандын жети облусунда бюджеттик мекемеде иштеген жарандарга үстөк пайызы азыраак мамлекеттик ипотека менен берилчү көп кабаттуу үйлөр курулары айтылган. Аны Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишке ашырат. Ушул күндөрү турак жай курууга жер тандоо жана үй алууга муктаждардын санын аныктоо боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат. Аталган фонддон билдиришкендей, курулуш иштерин апрелде баштоо пландалууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG