Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Тарас Токомбаевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 миң сом бөлүндү. Буга байланыштуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандагы Согуш жана эмгек ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев 9-февралда 86 жашында көз жумган. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 11-февралда атасы Аалы Токомбаевдин музейинде өттү. Тарас Токомбаев "Даңк" жана башка бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Ал кыргыз элинин улуу инсандарынын бири, акын жана жазуучу Аалы Токомбаевдин уулу. (КE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG