Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Таласта төө буурчактан башка өсүмдүктөрдү эгүү каралууда


Төө буурчак
Төө буурчак

Талас облусуна төө бурчактын ордуна башка өсүмдүктүн түрлөрүн өстүрүү каралууда.

Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев парламентте жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат берип жатып айтты. Мындан сырткары алдыда пахтанын аянты 14 миң гектардан 18 миң гектарга чыгарып, жалпы дүң жыйымды 44 миңден 55,5 миң тоннага жеткирүү планы турганын кошумчалады. Сариевдин белгилешинче, 2015-жылдагы жалпы экономикалык өсүш 3,5% түзгөн.

Бир-эки жыл мурун 100 сомго чейин сатылган төө бурчактын баасы 2015-жылы 30-35 сомго түшүп кеткен. Аймакта дыйкандар төө бурчактын баасын көтөрүү талабы менен бир канча ирет нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG