12-февралдан тарта аба суук тартып, чыкыроон уланат. Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15°, күндүз 2…7° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 2…7° суук, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 12…17°, күндүз 5…10° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 21…26°, күндүз 11…16° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30° суук, күндүз 13…18° суук болот. Сууктун күчөшү жолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
12-февралда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...-6,
Талас жергесинде түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8,
Баткен облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -21...-26, күндүз -10...-15
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -12...-17 градус суук болот.
12-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14 градус суук, күндүз 1…3 градус суук болот. (КЕ)