Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:12

Ушул тапта Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандатынан ажыратылган Урмат Ишенбековдун арызын кароодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ишенбеков өзү билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ишенбековду мандатынан ажыратуу жөнүндөгү чечимин Биринчи Май райондук соту 8-февралда күчүндө калтырган. Эмгек кодексине таянып бул чечимди жокко чыгаруу үчүн экс-депутат Жогорку Сотко кайрылган болчу.

БШК “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG