Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

17 жаштагы Назбийкенин токмоктолушу боюнча кылмыш иши козголду


Жакындарынын кордугуна кабылып качып келди делген Назбийке боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

3-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ата-энесинин кордугуна чыдабай качып келген 17 жаштагы кыз Бишкектеги реабилитациялык борборго жайгаштырылганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, ал үйүндө жакындарынын катаал мамилесине туш болгонун, ошол себептен качып чыкканын айтып, мамлекеттик органдарга кайрылган. Назбийке “Азаттыкка” берген маегинде ата-энеси кошумча окууга баруусуна каршы чыгып, буга чейин да кол көтөрүп келишкенин билдирген эле.

Мындан кийин ата-энеси маалымат жыйын өткөрүп, кызы бирөөлөрдүн азгырыгына кирип ушул жолго барганын, анын буга чейин да үйдөн үч жолу качып, милициянын жардамы менен кайтарышканын айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG