Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Келинчегине, өзүнө өрт койгон жигиттин абалы оор


Анын денесинин 32 пайызы күйүп кеткен. Күйгөн дене мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү дем алуу органдары. Анын айыгып кетиши деле арсар экендигин Нарын облустук оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгери Жыргалбек Аалиев “Азаттыкка” билдирди. Ал эми 22 жаштагы денесинин 76 пайызы күйгөн келин үч күн эсине келе албай жатып 8-февраль күнү каза тапкан.

5-февраль күнү кечке жуук Нарындын 27 жаштагы тургуну келинчеги иштеген кеңсеге келип, эшикти ичинен бекитип алып, өзүнө жана аялына бензин чачып өрттөп жиберген. Такталбаган маалыматтар боюнча, окуяга үй-бүлөлүк чатак себеп болгон. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG