Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

АКШда эки республикачы талапкер жарыштан чыкты


Демократтар тарабынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.
Демократтар тарабынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.

Республикалык партиянын эки талапкери, Нью-Жерсинин губернатору Крис Кристи менен Hewlett-Packard компаниясынын мурдагы жетекчиси Карли Фиорина АКШ президенттиги үчүн ат салышуудан баш тартышты.

Экөө Нью-Гемпширдеги талапкерлерди тандаган праймеризден кийин ушундай чечимге келишкен. Анда Кристи алтынчы, Фиорина жетинчи орунду ээлешкен.

Андагы праймеризде республикачылардан миллиардер Дональд Трамп, демократтардан сенатор Берни Сандрес жеңип чыгышкан. Сандрес буга чейин лидерликте келаткан АКШнын мурдагы Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду артка калтырды.

АКШдагы президенттик шайлоо 2016-жылдын 8-ноябрында өтөт.

XS
SM
MD
LG